Фенкарол® — аллергиянын белгилерин тез арада жок кылат!

Дем ал, даамын тат, сүй – өзүңө эркиндик бер!
Фенкарол® менен өзүңүзгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериңиз

Жашооңду жагымдуу сезимдерге толтурууга татыктуусуң! Жайдын эң сонун мезгилинде жазгы гүлдөрдөн ырахат алуудан, чөпкө жатуудан же жаңы кулпунайдын даамынан баш тартпаңыз. Үй жаныбарлары менен оюноодон, баарлашуудан ырахат алыңыз. Чоң ата менен чоң апаңдын айылдагы үйүнө барууну кийинкиге калтырба. Фенкарол® – аллергия менен байланышкан бардык кырдаалды чечүүнүн жолу. Сезимдерге алдыруудан коркпоңуз!

Өсүмдүктөр жана чаңчалар

Аллергендерге төмөнкү өсүмдүктөр болушу мүмкүн: дарактар жана бадалдар – кайың, ольха, карагай, эмен, клен, терек, ясень, кара жыгач жана башкалар; дан өсүмдүктөрү – тиметей, сулу, райграс, буудай баш, манник, кара буудай, гречка, буудай жана башкалар; отоо чөптөр – каакым, кара куурай, чалкан, эрмен, лютик жана башкалар. Бул өсүмдүктөрдүн гүлдөө мөөнөтүнө ылайык аллергиялык оорулардын курчушу үч мезгилге бөлүнөт: биринчиси – жазында, бак – дарактардын гүлдөө мезгилинде (апрель, май), экинчиси – жайында (чаңчалар жана дан өсүмдүктөрү – июнь, июль), үчүнчүсү – күзүндө (отоо чөптөрдүн чаңчалары-август-октябрь).

Өсүмдүктөр жана чаңчалар Көбүрөөк
Тамак-аш азыктары

Аллергия ар кандай тамак-аштан да өнүгүшү мүмкүн, көбүнчө сүт, жумуртка, балык, рак сымалдуулар, соя, буудай жана жаңгактар, айрыкча жер жаңгак. Кээде кургатылган жемиштер жана жашылчалар сыяктуу тамак-аштын түсүн сактоо үчүн колдонулган химиялык заттарга сульфиттерге аллергия пайда болушу мүмкүн. Сульфиттер камтылган тамактарды жегенден кийин дем алуунун кыйындашы же шок катары реакция көрсөтүлөт. Сульфиттер катуу астма пристубун да козгошу мүмкүн.

Тамак-аш азыктары Көбүрөөк
Жаныбарлар

Эң кеңири таралган аллергендерге ит менен мышыктын терисиндеги бөлүкчөлөр, ошондой эле эмерек менен жаздыктарды толтуруу үчүн колдонулган жүн жана канаттар кирет. Ошондой эле жаныбарлардын шилекейине жана заарасына аллергиялык реакция пайда болушу мүмкүн. Мышыктар өзгөчө коркунучтуу, кыска жүндүү да, узун жүндүү да. Барган сайын, курт-кумурскалар аллергиянын себеби болуп калууда – өзгөчө үй чаң кенелери жана таракандар, бир аз азыраак – көпөлөктөр, кумурскалар жана башка курт-кумурскалар.

Жаныбарлар Көбүрөөк

Аллергияга каршы натыйжалуу каражат

Аллергиянын белгилерин тез арада жок кылат

Ар түрдүү аллергиянын белгилерин дарылоо үчүн

Балдарга жана чоңдорго ылайыктуу

Уйкуну келтирбейт

Аллергиянын бардык түрлөрүн дарылоо үчүн

  • Дем алуу жолдоруна
    таасир этүүчү аллергиялык көрүнүштөр
  • Поллиноз (чөп оорусу)
  • Aллергиялык ринит
  • Aллергиялык конъюнктивит
  • Териге таасир этүүчү
    аллергиялык көрүнүш
  • Курч жана өнөкөт бөрү жатыш
  • Теринин кычышуусу, дерматоз
  • Экзема, нейродермит
  • Системалык же жергиликтүү
    реакциялар
  • Тамак-ашка аллергия
  • Дары каражаттарына аллергия

Чоңдорго жана 2 жаштан жогорку балдар колдонсо болот

Балдар
2-3 жаш
  • 5 мг
  • күнүнө 2-3 маал
3-7 жаш
  • 10 мг
  • күнүнө 2 маал
7-12 жаш
  • 10-15 мг
  • күнүнө 2-3 маал сунушталат
3 жашка чейинки балдарга дарыгер менен кеңешкенден кийин гана колдонууга болот!
Өспүрүмдөр жана чоңдор
12-18 жаш
  • 25 мг
  • күнүнө 2-3 маал
18+ жаш
  • 50 мг
  • күнүнө 2-4 маал

Билүү пайдалуу

Аллергия деген эмне?

Кененирээк окуу

Балдардагы аллергия

Кененирээк окуу

Аллергиялык ринит

Кененирээк окуу

Fenkarol® каражаты жөнүндө

Курамында: Quifenadini hydrochloridum (хифенадина гидрохлорид)

Фенкарол® – тез таасир этүүчү, кеңири спектрдеги коопсуз антигистаминдик каражат.

Кош аракет: Н1-гистамин рецепторлорун бөгөйт жана ткандардагы гистаминди бузат. Плазмада эң жогорку концентрацияга бир сааттын ичинде жетет. Сейрек учурда уйку келтирет. Ичкиликтин таасирин күчөтпөйт.

Фенкарол® курамы:
Активдүү зат – хифенадин гидрохлориди (Quifenadini hydrochloridum).

Ар бир Фенкарол® 10 мг таблеткасында 10 мг гифенадин гидрохлориди бар

Ар бир Фенкарол® 25 мг таблеткасында 25 мг гифенадин гидрохлориди бар

Ар бир Фенкарол® 50 мг таблеткасында 50 мг гифенадин гидрохлориди бар

Башка компоненттер.

Фенкарол® 10 мг таблеткалары жана Фенкарол® 25 мг таблеткалары: сахароза, картошка крахмалы, кальций стеараты.

Фенкарол® 50 мг таблеткалары: сахароза, картошка крахмалы, кальций стеараты, модификацияланган жүгөрү крахмалы.

Бул дарыны ар дайым көрсөтмөгө ылайык же дарыгер же фармацевт айтканындай колдонуңуз. Эгерде сизде кандайдыр бир суроолор болсо, дарыгериңизден же фармацевттен сураңыз.

Фенкарол® тамактан кийин дароо ичиңиз

Фенкарол® таблеткалары 25 мг жана Фенкарол® таблеткалары 50 мг

Чоңдор үчүн суткалык доза 25-50 мг, күнүнө 2-4 маал. Максималдуу суткалык дозасы – 200 мг. өспүрүмдөрдүн дозасы (12 жаштан 18 жашка чейин) 25 мг, күнүнө 2-3 жолу. Дарылоо курсунун узактыгы 10-20 күн.
Зарыл болгон учурда дарылоо курсу кайталанат.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн колдонуу

Фенкарол® 10 мг таблеткасын бирдей дозада бөлүүгө болот.
3 жашка чейинки балдарда дарыны дарыгер менен кеңешкенден кийин гана колдонсо болот.
2 жаштан 3 жашка чейинки балдар үчүн дозасы 5 мг (1/2 таблетка), күнүнө 2-3 маал.
3 жаштан 7 жашка чейинки балдар үчүн дозасы 10 мг (1 таблетка), күнүнө 2 маал.
7 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн дозасы 10-15 мг (1-11/2 таблетка), күнүнө 2-3 маал.

Өспүрүмдөр (12 жаштан 18 жашка чейинки) Фенкарол® таблеткалары 25 мг колдонуу сунушталат.

Дарылоо курсунун узактыгы 10-15 күн. Зарыл болгон учурда дарылоо курсу кайталанат.

Эгерде сизде бул дарынын таасири өтө күчтүү же өтө начар деп ойлосоңуз, дарыгериңиз же фармацевтиңиз менен сүйлөшүңүз.

Кайдан алса болот?

Латвияда уюшулган - OlainFarm тарабынан жасалган

OlainFarm - дүйнө жүзүнө таанылган ири компания!

Map
Жарнама берүүчү: Olainfarm АК

Олайнфарм” АКнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү
“Олайнфарм Азия” ЖЧКсы

  • Дареги: Бишкек шаары, Фрунзе көч., 340, к. 419
  • Телефон: +996 312 90 84 07
  • Электрондук почта:[email protected]

Жарнама берүүчү: Olainfarm АК

OlainFarm - дүйнө жүзүнө таанылган ири компания!

Жарнама берүүчү: Olainfarm АК
Fenkarol Map